> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлигине "Пикир" системасы аркылуу 2,9 миңден ашык кайрылуу түштү
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/emgek-ministrligine-pikir-sistemasy-arkyluu-2-9-minden-ashyk-kairyluu-tushtu/
- Published: 2026-07-14T10:13:10.000Z
- Updated: 2026-07-14T10:13:09.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында "Пикир" кайтарым байланыш маалыматтык системасын колдонуу ишин улантууда.**

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-июлуна карата система аркылуу жалпысынан 2 904 пикир жана сунуш кабыл алынган. Алардын 116сы министрликтин борбордук аппаратынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон.

> Жарандар QR-код аркылуу министрликтин, анын аймактык башкармалыктарынын жана ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишине баа берип, сунуштарын жана сын-пикирлерин калтыра алышат.

Министрлик белгилегендей, "Пикир" системасы мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, айкындуулугун жана сапатын жогорулатууга, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүгө жардам берет.