> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Канаттууларды тор менен кармаган чет элдик жаранга 20 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/kanattuulardy-tor-menen-karmagan-chet-eldik-zharanga-20-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-07-14T05:50:51.000Z
- Updated: 2026-07-14T05:50:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Социалдык тармактарда канаттууларды тор менен кармап жаткан видео тарагандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы текшерүү жүргүздү.**

Министрликтин маалыматына ылайык, мыйзам бузууга шектелген чет элдик жаран кармалып, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

> Текшерүүнүн жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык чет элдик жаранга 20 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.

Учурда окуя боюнча тиешелүү органдар тарабынан тергөөгө чейинки иш-чаралар жүргүзүлүп, бардык жагдайлар такталууда. Текшерүүнүн жыйынтыгына ылайык, чет элдик жарандын аракеттерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык укуктук баа берилет.