> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манастагы спорт сарайынын курулушунда 479 млн сом үнөмдөлдү
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/manastagy-sport-saraiynyn-kurulushunda-479-mln-som-unomdoldu/
- Published: 2026-07-14T11:47:40.000Z
- Updated: 2026-07-14T11:47:39.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жалал-Абад облусунун Манас шаарында курулуп жаткан борбордук спорт сарайынын сметалык наркы кайра каралып, анын жыйынтыгында республикалык бюджеттен 479 млн сом үнөмдөлдү.**

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, Манас шаарындагы борбордук спорт сарайынын курулушунун сметалык эсептери кайра каралып, долбоордун жалпы наркы 3 миллиард сомдон 2,6 миллиард сомго чейин кыскартылды.

> Министрлик белгилегендей, сметаны тактоонун натыйжасында 479 млн сом бюджеттик каражат үнөмдөлдү. Учурда курулуш иштери уланууда жана долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Башкы планга ылайык, спорт комплексинин жалпы аянты 2,5 гектарды түзөт. Анда 5 200 көрүүчүгө ылайыкталган футбол аянтчасы, VIP орундар, төрт кабаттуу административдик имарат, эл аралык стандарттагы бассейн, машыгуу аянтчалары, медициналык пункт, тамактануучу жайлар жана унаа токтотуучу жай курулат.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-14----16.20.28.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-14----16.20.35.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-14----16.20.38.png)