> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокенде сел жүрүп  466 турак жайды, 4 тамактануучу жайды суу каптады
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/nookende-sel-zhurup-466-turak-zhaidy-4-tamaktanuuchu-zhaidy-suu-kaptady/
- Published: 2026-07-14T09:29:37.000Z
- Updated: 2026-07-14T09:29:36.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Ноокен району боюнча нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен сел 466 турак үйдүн короосун каптап, анын ичинен 80 турак үйдүн ичине кирген. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.**

Маалыматка ылайык, 4 коомдук тамактануучу жай, 1 мечит, 5 унаа оңдоочу жай, 2 унаа жуучу жай жана 1 бала бакчанын короосу сел сууларынан жабыркаган.

> *Кесепеттерди жоюу жана аймактарды тазалоо иштерине райондук жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 350 адам, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 101 куткаруучу тартылды.* 

Ошондой эле 22 оор инженердик техника иш алып барып, турак жайлардын, көчөлөрдүн жана социалдык объектилердин аймагын сел калдыктарынан тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.