> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 312 орундуу жаңы мектептин курулушу уланууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/oshto-312-orunduu-zhany-mekteptin-kurulushu-ulanuuda/
- Published: 2026-07-14T13:20:21.000Z
- Updated: 2026-07-14T13:20:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарында курулуп жаткан 10 жаңы мектептин бири болгон №33 С. Алыкулов атындагы мектептин курулушу уланууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Долбоорго ылайык, мектеп эки блоктон турган үч кабаттуу имарат болуп курулат. Ал 312 окуучугаылайыкталып, жалпы аянты 3 840 чарчы метрди түзөт. Имаратта окуучулардын сапаттуу билим алышы үчүн бардык шарттар каралат.

> Учурда курулуш-монтаждоо иштери активдүү жүрүп жатат. Имараттын чатыры жабылып, ички монтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Министрлик белгилегендей, курулуштун сапаты жана аткарылып жаткан иштердин жүрүшү тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлгө алынган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/04721296-d82d-49d3-8789-09de79196c88.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/22327035-f74c-473b-af94-ff116cac7279.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/933f9f70-21da-4f4c-85cc-3fa9e4412d6c.jpeg)