> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери 3,4 миңден ашык адам жаңы кесипке окутулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/14/zhyl-bashynan-beri-3-4-minden-ashyk-adam-zhany-kesipke-okutuldu/
- Published: 2026-07-14T07:46:03.000Z
- Updated: 2026-07-14T07:47:17.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2026-жылдын башынан бери 3 451 жумушсуз жаран эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон кесиптер боюнча окуудан өттү.**

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери 3 451 жумушсуз жаран кесиптик окутууга, кайра даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга жөнөтүлгөн.

> Окутуу эмгек рыногунда суроо-талап жогору болгон адистиктер боюнча уюштурулган. Алардын катарына ашпозчу, тигүүчү, 1С программасын билген бухгалтер, чач тарач, автоэлектрик, компьютер оңдоо боюнча адис, электр-газ ширетүүчү, сантехник, косметолог, массажист жана дизайнер сыяктуу кесиптер кирет.

Мындан тышкары, убактылуу иш менен камсыз кылуу программасынын алкагында 9 669 жаран акы төлөнүүчү коомдук иштерге жөнөтүлгөн. Ал эми иш менен камсыз кылуу кызматтарына жыл башынан бери 77 551 жаран кайрылып, алардын 52 807си жумушка орношуу, эмгек мыйзамдары, кесип тандоо жана кесиптик окутуу боюнча кеңеш алган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*