> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап чуркоочу жолдор жасалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/15/d-omurzakov-atyndagy-stadiondo-zamanbap-churkoochu-zholdor-zhasaldy/
- Published: 2026-07-15T05:16:21.000Z
- Updated: 2026-07-15T05:16:20.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо жеңил атлетика, узундукка жана бийиктикке секирүү, ядро ыргытуу, аралыкка чуркоо үчүн дүйнөлүк деңгээлдеги Швейцариянын CONICA брендинин технологиясы менен заманбап чуркоо жолдору жасалды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, бул технология Кыргызстанда биринчи жолу колдонулуп, чуркоо жолдорунун сырткы каптамасына 12 жылдык кепилдик берилип, аймактын климаттык шарттарына ылайыкташтырылып жасалган. Буга чейин чуркоо жолу 8 паласа болсо, эми дүйнөлүк стандарт менен 9 паласа болуп жасалды.*

Эми, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиону дүйнөлүк жеңил атлетика ассоциациясынын сертификатына ээ болот. Бул – спорттун жеңил атлетика түрүн дүйнөлүк деңгээлге чыгарып, эл аралык стандарттагы спорттук мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет.