> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарындагы бугу-марал питомнигинин аймагы 82 гектарга чейин кеңейтилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/15/naryndagy-bugu-maral-pitomniginin-aimagy-82-gektarga-cheiin-keneitildi/
- Published: 2026-07-15T10:20:34.000Z
- Updated: 2026-07-15T10:20:33.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын мамлекеттик коругундагы бугу-марал питомнигинин аймагына кошумча 32 гектар жер тосулуп, корголгон аянты 82 гектарга жетти. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, кошумча 32 гектар жер тосулуп, питомниктин жалпы корголгон аянты 82 гектарды түздү. Ал эми коруктун жалпы аянты 112 миң 363,5 гектарды түзөт.

> Корукта сүт эмүүчүлөрдүн 26, канаттуулардын 104, балыктардын 3, жерде-сууда жашоочулардын 1 жана сойлоп жүрүүчүлөрдүн 4 түрү катталган. Алардын арасында Кызыл китепке кирген илбирс, сүлөөсүн, Тянь-Шань күрөң аюусу, бугу-марал, аркар-кулжа, бүркүт, ителги, кумай жана башка сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен канаттуулар кездешет.

Мындан тышкары, коруктун аймагында 500дөн ашык өсүмдүк түрү өсөт. Алардын арасында алтын тамыр, ак кодол жана башка баалуу дары чөптөр бар.

Министрлик белгилегендей, питомникте өстүрүлгөн бугу-маралдар 2018-жылы алгачкы жолу Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Авлетим токой чарбасына көчүрүлгөн.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-15-at-13.50.51-3.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-15-at-13.50.51-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-15-at-13.50.52-2.jpeg)