> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдөн 4 чакырымдан ашык эски балык тору чыгарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/15/ysyk-koldon-4-chakyrymdan-ashyk-eski-balyk-toru-chygaryldy/
- Published: 2026-07-15T05:44:38.000Z
- Updated: 2026-07-15T05:44:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан 13-14-июль күндөрү Тоң районунда рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык, рейд Президенттин №131 Жарлыгын аткаруунун алкагында уюштурулган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында көлдөн жалпы узундугу 4100 метрди түзгөн эски синтетикалык торлор чыгарылып, андан тышкары 60 килограмм тиричилик калдыгы тазаланды.

> Министрлик белгилегендей, 2026-жылдын алгачкы жарым жылдыгында Ысык-Көлдө жалпысынан 79 рейд өткөрүлүп, 35 миң метр синтетикалык тор жана миң килограммга жакын таштанды суудан чыгарылган.

Мындай рейддер балык ресурстарын коргоо, мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу жана Ысык-Көлдүн экологиялык тазалыгын сактоо максатында үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет.