> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ак-Суу капчыгайында ири курорттук комплекс куруу пландалууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/16/ak-suu-kapchygaiynda-iri-kurorttuk-kompleks-kuruu-plandaluuda/
- Published: 2026-07-16T08:34:25.000Z
- Updated: 2026-07-16T08:34:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу капчыгайында 200 орунга ылайыкталган курорттук-ден соолукту чыңдоо комплексинин эскиздик долбоору иштелип чыкты. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, Шаар куруу жана архитектура департаментинин Москва райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгы инвестицияларды тартуу жана аймактын туристтик потенциалын өнүктүрүү максатында жаңы курорттук комплекстин эскиздик долбоорун даярдады.

> Долбоор деңиз деңгээлинен болжол менен 2 миң метр бийиктикте жайгашып, 200 орундуу көп функционалдуу мейманкана комплексинин курулушун камтыйт.

Долбоорго ылайык, комплексте үч мейманкана корпусу, төрт апарт-отель, тогуз өзүнчө коттедж, тогуз конок үйү, альпинизм борбору бар спорттук комплекс, универсалдуу спорт залы, балдар борбору жана термалдык аймагы бар заманбап SPA-борбор куруу каралган.

> Белгиленгендей, тоолуу аймактагы мындай объектти долбоорлоодо рельефтин өзгөчөлүктөрү, климаттык шарттар, инженердик инфраструктура жана курулуш объекттеринин жаратылыш ландшафты менен шайкештиги эске алынган.

Министрликтин маалыматына караганда, долбоор ишке ашса, Ак-Суу капчыгайынын туристтик мүмкүнчүлүгү кеңейип, ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, ошондой эле заманбап эс алуу инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.00.39.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.00.46.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.00.58.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.01.06.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.01.09.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-16----14.01.20.png)