> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстан менен Өзбекстан тоо-кен тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/17/kyrgyzstan-menen-ozbekstan-too-ken-tarmagyndagy-kyzmattashtykty-onukturuugo-kyzykdar/
- Published: 2026-07-17T05:00:54.000Z
- Updated: 2026-07-17T05:00:53.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсуниязов Өзбекстандын Тоо-кен өнөр жайы жана геология министринин орун басары Рустам Юсупов менен жолукту.** 

Жаратылыш министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар геология, жер казынасын пайдалануу жана тоо-кен өнөр жайы багыттарындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

> Ошондой эле өкмөттөр аралык макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сунуштарды даярдоо жана эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктоо маселелерине көңүл бурулду.

Жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы тоо-кен жана геология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/-----34.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/749300745_2948614605478843_4388140254971091930_n.png.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/----1-6.jpeg)