> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластагы “Чыңгыз Ааламы” комплексинин курулушу 70%га аяктады
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/17/talastagy-chyngyz-aalamy-kompleksinin-kurulushu-70-ga-aiaktady/
- Published: 2026-07-17T05:44:51.000Z
- Updated: 2026-07-17T05:44:50.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жуматаев Айтматов районунун Шекер айылында курулуп жаткан “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексиндеги курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.** 

Ведомствонун маалыматына ылайык, мониторингдин жүрүшүндө курулуш иштери бекитилген графикке ылайык жүрүп жатканы белгиленип, учурда объекттин жалпы даярдыгы 70%ды түзөрү маалымдалды.

> Долбоор Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде ишке ашырылууда. Комплекстин курамында Чыңгыз Айтматовдун үй-музейи, китепкана, кинотеатр, мейманкана жана башка инфраструктуралык объектилер курулуп жатат.

Курулуш иштери 2025-жылы Курулуш министрлигине караштуу “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасытарабынан башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

> Маалыматка ылайык, “Чыңгыз Ааламы” маданий-мемориалдык комплексин Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата пайдаланууга берүү пландалууда. Комплекс өлкөнүн маданий мурасын даңазалоого жана Талас облусунун туристтик потенциалын өнүктүрүүгө багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-17----11.24.36.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-17----11.24.45-1.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/d877fc1d-2b16-41ae-a15f-4f94cd37fa80.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/f7968875-b61c-4749-9a64-e949dc49c3c0.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-17----11.29.34.png)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-17----11.29.23.png)