> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө 800дөн ашуун конок үй саркынды суу тазалоочу курулмага туташкан эмес
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/17/ysyk-koldo-800don-ashuun-konok-ui-sarkyndy-suu-tazaloochu-kurulmaga-tutashkan-emes/
- Published: 2026-07-17T07:08:27.000Z
- Updated: 2026-07-17T07:08:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Ысык-Көлдүн жээгинде жайкы туристтик сезондо иштеп жаткан 1267 туристтик объект бар. Алардын ичинен 800дөн ашык объектте саркынды сууну тазалоочу курулма жок. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев** [**Биринчи радиого** ](https://www.youtube.com/live/O2lIZ0ySvfU)**берген маегинде билдирди.**

Билдирүүгө караганда, учурдагы **туристтик сезондо** көл жээгинде **171 пансионат, 62 мейманкана, 984 конок үйү** жана **50 боз үй шаарчасы иштеп жатат.**

> Адистин айтымында **2026-жылы** Ысык-Көлдө саркынды **сууну тазалоочу** курулмалардын саны **251ден 286га жетти**. Былтыр 41, быйыл болсо 35 жаңы тазалоочу курулма пайдаланууга берилди. Ошол эле учурда **талапка жооп бербеген объектилер дагы эле көп**. Алардын басымдуу бөлүгү **чакан конок үйлөрү** жана **сезондо гана иштеген эс алуу жайлары**.

Мындан тышкары министрликтин өкүлү **Ысык-Көлдө полиэтилен баштык** жана бир жолку **желим идиштерин** **колдонууга каршы** түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандагын белгиледи. Айтымында азырынча **400гө жакын эскертүү берилип**, талапты аткарбагандарга **5 миңден 10 миң сомго чейин айып пул салынаары маалымдалган**.