> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Адвокат 4 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/18/advokat-4-min-dollar-alyp-zhatkan-zherinen-karmaldy/
- Published: 2026-07-18T09:50:26.000Z
- Updated: 2026-07-18T09:50:25.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) Э.Б.М аттуу жаран кайрылып, адвокат Ж.А.Б. кылмыш жоопкерчилигине тартылган адамдын иши боюнча оң чечим чыгарууга көмөк көрсөтөм деген шылтоо менен 6 миң $ талап кылып жатканын билдирген. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, УКМК адвокат тарабынан акча талап кылуу фактысын аныкталды.**

> УКМКнын маалыматына ылайык, ал сот органдарында байланышы бар экенин айтып, айыпталуучунун жубайынан акча талап кылган. 2026-жылдын 17-июлунда жүргүзүлгөн атайын операциянын жүрүшүндө адвокат талап кылынган акчанын **4 миң** **$** алып жаткан жеринен кармалган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык, **«Алдамчылык» боюнча кылмыш иши козголуп**, Манас шаардык соту шектүүгө карата тергөө аяктаганга чейин **камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасын тандады.**

Учурда кылмыштын бардык жагдайларын аныктоо, ага тиешеси бар башка адамдарды тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылып жатат.