> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Коомдук транспорттун кезектеги айдоочусу накталай төлөм алганы үчүн ишинен ажырады
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/19/koomduk-transporttun-kezektegi-aidoochusu-naktalai-tolom-algany-uchun-ishinen-azhyrady/
- Published: 2026-07-19T07:05:58.000Z
- Updated: 2026-07-19T07:05:58.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы тарабынан шаардык коомдук транспорттордо кезектеги рейддик текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.**

Билдирүүгө караганда, иш-чаранын негизги максаты – жүргүнчүлөргө көрсөтүлүп жаткан кызматтын сапатын көзөмөлдөө, жол кире төлөө тартибинин сакталышын текшерүү жана айдоочулардын кызматтык милдеттерин так аткаруусун камсыздоо болуп саналат.

> *Текшерүүнүн негизинде, айрым мыйзам бузуулар байкалган. Тагыраагы, автобустардын биринде *айдоочу* жүргүнчүлөрдөн *жол кирени накталай* түрдө *кабыл алып* жаткандыгы аныкталып, бул факты боюнча кызматтык текшерүү жүргүзүлүп, ишкананын ички талаптарына ылайык айдоочу *ээлеген кызматынан бошотулду*.*

“Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасы коомдук транспортто ачык-айкындуулукту жана сапаттуу тейлөөнү камсыз кылуу боюнча иштерди уланта берээрин билдирди.

> *Эске салсак, *2026-жылдын 1-июлунан тартып* муниципалдык автобустарда *жол кире* *накталай эмес*, электрондук түрдө «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор, ошондой эле башка *электрондук төлөм* кызматтарыаркылуу *төлөм жүргүзүү* *эрежеси киргизилген.* Ошондой эле эрежеге баш ийбей, жол кирени төлөбөгөн же төлөгөнүн тастыктаган талону жок жүргүнчүлөргө - *1000 сомдон 3000 сомго чейин* айып пул салынаары маалымдалган.*

Ал ортодо коомчулукта накталай жол кире төлөй албай, кыйынчылыкка учурага жарандар социалдык тармак аркылуу нааразылыктарын билдиришүүдө. Себеби, **Мэриянын** бул **жаңы эрежеси** Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 3-главасында көрсөтүлгөн – **“улуттук валюта – Сом мыйзамдуу төлөм каражаты болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында көрсөтүлгөн наркы боюнча МИЛДЕТТҮҮ ТҮРДӨ кабыл алынат”** – деген талабына **каршы келүүдө.**