> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде жыл аягына чейин ипотекалык үйлөрдүн бир бөлүгү пайдаланууга берилет
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/20/batkende-zhyl-aiagyna-cheiin-ipotekalyk-uilordun-bir-bolugu-paidalanuuga-berilet/
- Published: 2026-07-20T09:57:12.000Z
- Updated: 2026-07-20T09:57:12.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, Баткен шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушунан кабар алды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, “Менин үйүм - 2021-2026” турак жай программасын ишке ашыруунун алкагында Баткен шаарында 12 кабаттуу "Асман резиденс №1", "Асман резиденс №2" "Асман резиденс №3" турак жай комплексттери курулуп жатат. Үч комплексттеги батирлердин жалпы саны 4116ны түзөт. 

Быйылкы жылы "Асман резиденс №1" турак жай комплексинин 17 блогу, 1050 батир жыл аягына чейин пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. 

> *Учурда ипотекалык үйлөрдүн суу кампасы, саркынды суу системасынын курулушу жүрүүдө.* 

> *Бүгүнкү күндө облус боюнча мамлекеттик ипотекалык компаниясынан турак үй алуу үчүн 3425 адам кезекте турат.* 

Белгилей кетсек, ипотекалык үйлөр облустун бардык район шаарларына куруу пландалган, ал үчүн жер тилкелери ажыратылып, сунуштар жиберилген.