> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын саны 286га жетти
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/20/ysyk-koldo-sarkyndy-suulardy-tazaloochu-kurulmalardyn-sany-286ga-zhetti/
- Published: 2026-07-20T06:03:01.000Z
- Updated: 2026-07-20T06:03:00.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**2026-жылдын биринчи жарымында Ысык-Көл аймагында саркынды сууларды тазалоочу 35 курулма пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын директору Бекжан Султангазиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.**

Анын маалыматына ылайык, жаңы объектилердин эсебинен аймактагы саркынды сууларды тазалоочу курулмалардын жалпы саны 286га жетти. 2025-жылы бул көрсөткүч 251 объектти түзгөн.

> Султангазиев белгилегендей, Ысык-Көлдөгү бардык конок тосуу жайларында саркынды сууларды тазалоочу курулмалар болушу же тиешелүү тутумга кошулушу шарт.

Учурда саркынды сууларды тазалоо системасына кошулбаган же тиешелүү курулмалары жок объекттер дагы бар экени кошумчаланды.