> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Муниципалдык жерди максатсыз пайдаланган кафе буздурулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/21/munitsipaldyk-zherdi-maksatsyz-paidalangan-kafe-demontazhdaldy/
- Published: 2026-07-21T08:05:07.000Z
- Updated: 2026-07-21T08:07:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарынын “Орто-Сай” базарынын аймагында, Сүйөркулов көчөсүндө жүргүзүлүп жаткан инвентаризациянын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын кызматкерлери муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдаланган объектини аныктады.**

Текшерүүнүн жыйынтыгында жер тилкеси **унаа токтотуучу жай** **уюштуруу максатында ижарага берилип**, бирок ижарачы келишимдин шарттарын бузуп, ал жерге жеңил конструкциядан жасалган **кафе орнотуп пайдаланып жаткан.**

> Буга чейин **Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгы** тарабынан объекттин ээсине аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча **эскертүү берилген**. Муниципалдык жер тилкесин максатсыз пайдалангандыгы үчүн ага **13 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.**

**Объекттин ээси** мыйзам бузууларды жоюуга милдеттенме алып, **өз ыктыяры менен кафени демонтаж жасап**, натыйжада **200 чарчы метр** муниципалдык **жер тилке бошотулду.**

> Бишкек шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө караганда, мындан ары **бошотулган аймакта көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп**, жер тилкеси өзүнүн **максаттуу багытына ылайык пайдаланылат.**