> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө өрттөнгөн клубга 1,4 млн сом камсыздандыруу төлөмү берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/22/chuido-orttongon-klubga-1-4-mln-som-kamsyzdandyruu-tolomu-berildi/
- Published: 2026-07-22T09:48:27.000Z
- Updated: 2026-07-22T09:48:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Полтавка айылындагы өрттөнүп кеткен жайкы клуб үчүн 1 млн 408 миң 954 сом камсыздандыруу төлөндү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.**

Маалыматка ылайык, жайкы клуб кыска туташуунун кесепетинен толугу менен күйүп кеткен. Объект 2024-жылдын 18-июнунда ыктыярдуу камсыздандыруу полиси боюнча камсыздандырылган.

> Өрт боюнча материалдар 2026-жылдын 7-июлунда камсыздандыруу төлөмдөрү бөлүмүнө кароого жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгында 17-июлда камсыздандыруу төлөмү Ынтымак айыл өкмөтүнө толук көлөмдө которулган.

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму белгилегендей, камсыздандыруу төлөмү өрттөн келтирилген чыгымды жабууга жана объектти калыбына келтирүүгө көмөк көрсөтөт.