> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Сууда шагыл-кум өндүрүүчү завод текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/22/kara-suuda-shagyl-kum-onduruuchu-zavod-teksherildi/
- Published: 2026-07-22T11:03:02.000Z
- Updated: 2026-07-22T11:03:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш министрлигине караштуу Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун Түштүк аймактык башкармалыгынын адистери Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан шагыл жана кум өндүрүүчү заводдо текшерүү жүргүзүштү.**

Министрликтин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө адистер өндүрүштүк технологиялык процессти карап чыгып, анын белгиленген техникалык талаптарга шайкештигин баалашты.

> Ошондой эле өндүрүлгөн продукциядан сертификациялык лабораториялык сыноолорду өткөрүү үчүн үлгүлөр алынды.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында продукциянын ченемдик документтердин талаптарына шайкештиги же шайкеш эместиги боюнча тиешелүү чечим кабыл алынары белгиленди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/10f99e27-a499-4394-bb43-ed46644fdc83.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/878a4cc3-4803-4f07-9805-8d54d6a146c0.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/4853aed5-98fa-4c86-b317-6c8aca4321b2.jpeg)