> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 3800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашайт
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/22/kyrgyzstanda-3800-ui-bulo-zher-kochku-korkunuchu-bar-aimaktarda-zhashait/
- Published: 2026-07-22T03:40:11.000Z
- Updated: 2026-07-22T03:40:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 3 800 үй-бүлө жер көчкү коркунучу жогору аймактарда жашап жатышат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.**

> Маалыматка ылайык, алардын **2 415и** мамлекет тарабынан жер тилкеси берилип, жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, коопсуз аймактан көчө элек. Эң кооптуу көрсөткүч **Ош облусунда** катталган. Бул аймакта жер көчкү коркунучу бар жерлерде **2 396 үй-бүлө** жашайт. Алардын **1 миң 475и** азыркыга чейин коопсуз жерге көчүп чыккан эмес.

ӨКМ белгилегендей, жер көчкүлөр негизинен жаз мезгилинде кардын эриши жана нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен активдешет. Бирок күзүндө да узакка созулган жаан-чачындан улам мындай коркунуч сакталып турат.

> Ушундан улам, Министрлик жарандарды жер көчкү кооптуу аймактарда жашабоого, расмий эскертүүлөрдү так аткарууга жана коопсуз жайларга өз убагында көчүүгө чакырды.