> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жыл башынан бери майыптыгы бар жарандарга 257 коляска берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/22/zhyl-bashynan-beri-maiyptygy-bar-zharandarga-257-koliaska-berildi/
- Published: 2026-07-22T05:52:37.000Z
- Updated: 2026-07-22T05:52:36.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жыл башынан бери Кыргызстанда майыптыгы бар жарандарга мамлекет тарабынан 257 даана кресло-коляска бекер берилди. Алардын арасында чоңдорго, балдарга арналган көп функциялуу коляскалар жана гуманитардык жардамдын алкагында алынган каражаттар бар. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.** 

Кыргызстанда майыптыгы бар адамдарды кресло-коляскалар менен камсыздоо Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы №269 токтому менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

> Маалыматка ылайык, майыптардын кресло-коляскаларын алуу укугу майыптыгы бар Кыргыз Республикасынын жарандарына 5 жылдык мөөнөткө берилет.

Үйдө жана сыртта туруктуу колдонууга ылайыкталган стандарттык же көп функциялуу кресло-коляскалар 3 жаштан жогору майыптыгы бар адамдарга акысыз берилет. Аларды алуу үчүн медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (МСЭК) корутундусу негиз болуп саналат.

> Кресло-коляска алуу үчүн жарандар жашаган жериндеги аймактык башкармалыкка арыз жана МСЭКтин корутундусунун көчүрмөсүн тапшырышы керек.

Министрликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башынан бери аймактык башкармалыктар аркылуу майыптыгы бар жарандарга жалпысынан 257 даана кресло-коляска берилди. Алардын ичинде чоңдор үчүн коляскалар, балдар үчүн көп функциялуу коляскалар жана гуманитардык жардам катары алынган кресло-коляскалар бар.