> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 1,5 айга жете турчу күйүүчү май бар
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/23/kyrgyzstanda-1-5-aiga-zhete-turchu-kuiuuchu-mai-bar/
- Published: 2026-07-23T04:00:48.000Z
- Updated: 2026-07-23T04:00:47.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Кыргызстанда күйүүчү-майлоочу майдын кеминде 1,5 айга жете тургандай резерви бар. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев ЖМК өкүлдөрүнө билдирди.**

"Коомчулукта биз дайым эле Орусиядан көз каранды боло беребизби, башка жолдор жокпу?” деген суроо коюлууда. Альтернативдүү булактар, албетте, бар. Бирок алар кымбат. Кымбат болсо да толтуруу милдети турат. Кырдаал орчундай баштаганда 2-3 апталык эле запас бар болчу, азыр 1,5 айлыкка жетип калды. Кытай менен да келишим түзүлдү. Тийиштүү көлөмдү камсыздоо иши токтобойт. Максат – кеминде 2,5 айлык запасты топтоп коюу. Өкмөт бааны турукташтыруу, кенемте маселесин да карап жатат. 

> *АИ-95 менен АИ-92нин айырмасы адатта 1-2 сом эле болчу, азыр 10 сомдон ашты. Социалдык маанидеги товардын бири болгон дизель майы боюнча да иш жүрүүдө. Эгер бааларды эркин жүгүртүүгө койсок, АИ-95 бензини 120 сомдой, АИ-92 болсо 114 сом, ал эми дизель 150 сомдой болмок", - деди ал.*