> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас шаарындагы №13 мектепке жаңы окуу корпусу салынып жатат
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/23/manas-shaaryndagy-13-mektepke-zhany-okuu-korpusu-salynyp-zhatat/
- Published: 2026-07-23T04:14:52.000Z
- Updated: 2026-07-23T04:22:20.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан Манас шаарында алты жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Алардын бири — №13 Роза Азимбаева атындагы мектепке кошумча салынып жаткан 528 орундуу жаңы окуу корпусу.**

Министрликтин маалыматына ылайык, курулуш иштери 2026-жылдын март айында башталган. Учурда үч кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, чатырын жабуу жана ички шыбак иштерин жүргүзүү уланууда.

> Жаңы окуу корпусу беш блоктон туруп, жалпы аянты 2 846 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар залы, эмгек класстары жана спорт залы каралган.

Курулуштун жүрүшү жана аткарылып жаткан иштердин сапаты Курулуш министрлигине караштуу тиешелүү департаменттер тарабынан туруктуу көзөмөлдөнүүдө.

> Долбоор аяктагандан кийин жаңы окуу корпусу эки нөөмөттө 1 миңден ашуун окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/c8961b44-6700-452f-b50f-61a11b9b6405.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/e34a84d7-73d6-4994-9307-c71339b10c7d.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/fc9c0fa0-181c-45e1-82fd-5434ab58c3e3.jpeg)