> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу Жийделик жана Ош көчөлөрү кеңейтилип, заманбап көрүнүшкө ээ болот
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/23/oshtogu-zhiidelik-zhana-osh-kocholoru-keneitilip-zamanbap-korunushko-ee-bolot/
- Published: 2026-07-23T13:20:53.000Z
- Updated: 2026-07-23T13:20:52.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош шаарындагы Ош жана Жийделик көчөлөрүн кеңейтүү, жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарларды куруу, аймактарды жашылдандыруу жана скверлерди уюштуруу боюнча эскиздик долбоорлор даярдалды.**

Курулуш министрлигинин маалыматына ылайык, долбоорлорду министрликке караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы иштеп чыккан.

Учурда долбоордун алкагында жолду кеңейтүүгө байланыштуу объектилерди алуу жана бузуу иштери жүргүзүлүүдө.

> Долбоорго ылайык, көчөлөр төрт тилкелүү болуп кайра курулат. Ошондой эле заманбап тротуарлар, жашыл аймактар, көчө жарыктандыруу системалары жана шаардык инфраструктуранын башка зарыл элементтери курулат.

Белгиленгендей, долбоор шаардык инфраструктураны жакшыртып, тургундар үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шаардык чөйрөнү түзүүгө багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/52624733-7671-4391-9fa3-e48a3a0b4789.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/f03452f3-9a36-4ea0-8bf7-3e097cd09f1e.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/--------------------------2026-07-23----18.06.48.png)