> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көлдө теплоход ээлерине 30 миң сом айып салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/23/ysyk-koldo-teplokhod-eelerine-30-min-som-aiyp-salyndy/
- Published: 2026-07-23T03:45:31.000Z
- Updated: 2026-07-23T03:45:30.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору Чолпон-Ата шаарында жана Бостери айылында атмосфералык абанын тазалыгын камсыздоо боюнча рейд жүргүзүштү.**

Текшерүүнүн алкагында жалпысынан 14 теплоход текшерилип, атмосфералык абаны коргоо жаатындагы мыйзам талаптарын бузуу фактылары аныкталды.

> Анын жыйынтыгында Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык төрт жеке тарапка административдик протокол түзүлүп, ар бирине 7 миң 500 сомдон айып пул салынды. Жалпы айыптын суммасы 30 миң сомду түздү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы айлана-чөйрөнү коргоо, атмосфералык абанын тазалыгын сактоо жана экологиялык мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын камсыздоо максатындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да туруктуу негизде улантыларын билдирди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-23-at-09.06.40-2.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-23-at-09.06.40-4.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/07/WhatsApp-Image-2026-07-23-at-09.06.40-3-1.jpeg)