> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Автобус башкарган дагы бир айдоочу жумуштан бошотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/28/avtobus-bashkargan-dagy-bir-aidoochu-zhumushtan-boshotuldu/
- Published: 2026-07-28T10:27:53.000Z
- Updated: 2026-07-28T10:27:52.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Социалдык тармактарга тараган видеого байланыштуу, Бишкек шаардык транспорт башкармалыгы кызматтык териштирүү жүргүзүлүп, окуянын жагдайын видеокөзөмөл аркылуу текшерип, айдоочуга карата чара көрүү чечимин кабыл алган.**

> Башкармалыктын [маалыматына](https://www.instagram.com/p/DbVEC3bItQ-/) ылайык, текшерүүнүн жыйынтыгында, Бишкек шаарындагы №36-каттамдын айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп жаткан кезде жөө жүргүнчүгө жол бербей, жол кыймылынын эрежесин бузгандыгы аныкталган.

 Ушуга байланыштуу, топтолгон материалдар мыйзам чегинде чара көрүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүлүп, тартип комиссиясынын чечими менен айдоочу каттамдан четтетилгендиги жана ээлеген кызматынан бошотулгандыгы тууралуу маалым болду.

****Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын** [****Telegram**](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)****,** [****Facebook**](https://www.facebook.com/ishker.m)****,** [****Instagram**](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)****,** [****Threads**](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) **жана** [****Х**](https://x.com/ishker%5Fmedia) **каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!**