> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Түндүк" тиркемесинде баланын төрөлүшүн онлайн каттоо кызматы ишке кирди
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/28/tunduk-tirkemesinde-balanyn-torolushun-onlain-kattoo-kyzmaty-ishke-kirdi/
- Published: 2026-07-28T11:44:09.000Z
- Updated: 2026-07-28T11:44:08.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**"Түндүк" ачык акционердик коому баланын төрөлүшүн каттоо боюнча жаңы санариптик кызматты ишке киргизди. Бул тууралуу "Түндүк" ачык акционердик коомунан билдиришти.**

Компаниянын маалыматына ылайык, эми ата да, эне да баланын төрөлүшүн каттоо боюнча арызды түз эле "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу бере алышат.

Жаңы кызматтын алкагында колдонуучулар:

- баланын төрөлүшүн каттоо боюнча арыз бере алышат;
- арыздын кароо статусун көзөмөлдөй алышат;
- төрөлүү тууралуу күбөлүктү электрондук форматта ала алышат.

> Белгиленгендей, жаңы санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөөгө жана мамлекеттик кызматтарды алууну жеңилдетүүгө багытталган.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*