> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чолпон-Ата шаарында көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/29/cholpon-ata-shaarynda-korktonduruu-ishteri-zhurguzuluudo/
- Published: 2026-07-29T07:49:18.000Z
- Updated: 2026-07-29T07:49:18.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Чолпон-Ата шаарында негизги унаа жолунун боюндагы аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Шаардык ат майдандын тушундагы жашыл бөлүүчү тилкеге он декоративдүү ат скульптурасынан турган композиция орнотулду.**

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы объект курорттук шаардын туристтик жана маданий өзгөчөлүгүн баса белгилөөгө багытталган.

> *Буга чейин Чолпон-Ата, Бостери жана Бактуу-Долоноту айылдарындагы жол боюнда дагы 22 декоративдүү скульптура орнотулган.*

Иштер жергиликтүү бюджеттин эсебинен ”Гүлбакча” муниципалдык ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.