> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу иштери башталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/29/naryn-daryiasyna-zhany-kopuro-kuruu-ishteri-bashtaldy/
- Published: 2026-07-29T03:02:23.000Z
- Updated: 2026-07-29T03:02:23.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Нарын дарыясына жаңы көпүрө куруу иштери башталды. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.**

> *Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров Нарын шаарындагы мурдагы Чек ара кызматынын Нарын облустук башкармалыгынын аймагынан Москва чөлкөмүнө өтүүчү Нарын дарыясына курула турган жаңы көпүрөнүн курулуш иштеринин жүрүшү менен жеринде таанышты.*

Учурда куруучулар көпүрө жайгаша турган аймакты тактап, жерди даярдоо иштерин жүргүзүүдө.