> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Тамчы–Чолпон-Ата жолу маал-маалы менен жабылат
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/30/tamchy-cholpon-ata-zholu-maal-maly-menen-zhabylat/
- Published: 2026-07-30T05:50:31.000Z
- Updated: 2026-07-30T06:15:28.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бүгүнтөн баштап 1-августка чейин “Тамчы” эл аралык аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки жол маал-маалы менен жабылып турат. Мындай билдирүүнү Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов өзүнүн социалдык баракчасында жарыялады.**

Анын айтымында ушул 2 күндүн ичинде Өзбекстандын Президенти Шавхат Мирзиёевдин жана Азербайжандын Президенти Ильхом Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келиши күтүлүп жатат.

> *“Мындан сырткары, Борбордук Азия жана Азербайжан Республикасынын мамлекет башчыларынын бейформал консультативдик жолгушуусу да дал ушул күндөргө мерчемделген. Мындан улам, убактылуу ыңгайсыздык жаралгандыгы үчүн алдын ала кечирим сурайбыз”-* деп билдирген, Аскат Алагөзов.

Президенттин өкүлүнүн билдирүүсүнө караганда, бул ишчара өлкөбүздүн тышкы алакаларын бекемдөө максатында жүргүзүлүп жатат жана коомго убактылуу гана ыңгайсыздыктарды алып келет.