> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 2025-жылы миграцияга кеткендерге караганда, кайтып келгендер көп болгон
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/31/2025-zhyly-migratsiiaga-ketkenderge-karaganda-kaityp-kelgender-kop-bolgon/
- Published: 2026-07-31T08:15:27.000Z
- Updated: 2026-07-31T08:15:26.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда 2025-жылы тышкы миграциянын оң көрсөткүчү катталды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкөгө туруктуу жашоого кайтып келгендердин саны чет өлкөгө кеткендерден кыйла көп болгон.**

> Билдирүүгө караганда, **2025-жылдын жыйынтыгы** боюнча Кыргызстандын **туруктуу калкы** **7 млн 404,3 миң** адамды түзгөн. Ал эми тышкы **миграцияга чыгып кеткендердин жалпы саны** \- **15 426** адамды түзгөн. Алардын 13 906сы КМШ өлкөлөрүнө (Россияга -12 490) чыгып кетишкен.

Ал эми **2025-жылы өлкөгө кайтып келгендердин саны - 17 965** адамды түзүп, алардын 16 234ү КМШ өлкөлөрүнөн (Россиядан -14 422) кайтып келишкен. Натыйжада 2025-жылы **миграциянын сальдосу 2 539 адамды түзгөн**. Башкача айтканда, өлкөгө келгендер кеткендерден - 2,5 миңден ашык адамга көп болгон.

> Маалыматка ылайык, **Россия Федерациясы** миграциянын **негизги багыты** бойдон калууда. Чет өлкөгө кеткендердин да, Кыргызстанга кайтып келгендердин да басымдуу бөлүгү дал ушул өлкөгө туура келүүдө.

Калктын миграциясынын эң жогорку оң сальдосу Бишкек шаарында, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында байкалган, ал эми эң төмөнкү көрсөткүч Нарын облусунда катталган.

**2025-ж. калктын тышкы миграциясы:**

| **Өлкөлөр**    | **келгендер** | **кеткендер** |
| -------------- | ------------- | ------------- |
| Баардыгы       | 17 965        | 2 539         |
| Россия         | 14 422        | 1 932         |
| Казакстан      | 593           | 320           |
| КМШдан тышкары | 1 731         | 211           |