> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Абаны булгаган унаа айдоочуларына айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/07/31/abany-bulgagan-unaa-aidoochularyna-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-07-31T06:58:22.000Z
- Updated: 2026-07-31T06:58:21.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Сузак райондук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын тескөөчүлөрү менен биргеликте атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрүштү.**

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча иш-аракеттер планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулду.

> *Рейд учурунда 13 автоунаа текшерилип, зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышы көзөмөлдөндү. Жыйынтыгында бир автоунаадан зыяндуу заттардын нормадан ашык бөлүнүп чыгышы аныкталып, унаа ээсине 7 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.*

Айдоочуларга экологиялык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Атмосфералык абанын тазалыгын сактоо багытындагы рейддик иш-чаралар мындан ары да улантылат.