> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/05/bazar-korgondo-187-mln-somgo-baalangan-zher-mamleketke-kaitaryldy/
- Published: 2026-08-05T11:01:08.000Z
- Updated: 2026-08-05T11:01:07.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Базар-Коргондо 187 млн сомго бааланган 4 гектар жер муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.**

> *Маалыматка ылайык, Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, Бишкек – Ош автожолунун Базар-Коргон шаары аркылуу өткөн бөлүгүнүн боюндагы, калктуу конуштардын жерлерине таандык 4 гектар жер тилкеси 2013-жылы Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары тарабынан жеке жактардын менчигине мыйзамсыз өткөрүлгөнү аныкталды.*

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында 187 млн 876 миң сомго бааланган жер тилкеси толугу менен муниципалдык менчикке кайтарылды.