> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Дүйнөлүк рынокто күйүүчү майдын баасы арзандады
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/05/duinoluk-rynokto-kuiuuchu-maidyn-baasy-arzandady/
- Published: 2026-08-05T09:14:02.000Z
- Updated: 2026-08-05T09:14:01.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Дүйнөлүк рынокто мунай арзандап жатат. Буга АКШ менен Ирандын ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүндө оң жылыш болушу мүмкүн деген күтүүлөр себеп болуп жатканын эл аралык ЖМКлар маалымдашты.**

> *Маалыматка таянсак, Лондондогу ICE Futures биржасында Brent үлгүсүндөгү мунайдын фьючерстери баррелине 79,01 долларга чейин түштү. Ал эми мурунку күнү бул көрсөткүч 5,3%га төмөндөгөн.*

Ошол эле учурда Нью-Йорктогу NYMEX биржасында WTI үлгүсүндөгү мунайдын сентябрь айындагы фьючерстеринин баасы баррелине 75,28 долларды түзүп, 0,65%га төмөндөдү.