> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Экологиялык талаптарды бузган полигонго 23 миң сом айып пул салынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/05/ekologiialyk-talaptardy-buzgan-poligongo-23-min-som-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2026-08-05T06:44:24.000Z
- Updated: 2026-08-05T06:44:24.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн көзөмөл иш-чараларынын жүрүшүндө Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы катуу тиричилик калдыктарын таштоочу жайда өрт чыккандыгы аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.** 

Текшерүүнүн жыйынтыгында таштанды полигонун эксплуатациялоодо экологиялык талаптардын сакталбаганы белгилүү болду.

> Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык полигонду иштеткен жооптуу жакка 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Ошондой эле таштанды таштоочу жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлүп, тиешелүү чаралар көрүлгөнү маалымдалды.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-05-at-12.05.59.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-05-at-12.06.00-2-1.jpeg)