> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кочкордо 21 социалдык жана инфраструктуралык объект курулууда
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/05/kochkordo-21-sotsialdyk-zhana-infrastrukturalyk-obekt-kuruluuda/
- Published: 2026-08-05T06:29:43.000Z
- Updated: 2026-08-05T06:29:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Нарын облусунун Кочкор районунда жалпы 21 жаңы социалдык жана инфраструктуралык объекттинкурулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.**

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев курулуш объектилерин жеринде кыдырып, аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен таанышты.

> Учурда Кочкор айылында жаңы автобекет, стадион жана башка социалдык багыттагы объектилер курулуп жатат. Мындан тышкары, райондогу сегиз объектте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Иш сапарынын жүрүшүндө курулуш иштеринин сапатына жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, жооптуу жетекчилерге тиешелүү тапшырмалар берилди.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/761640925_1820715109339911_8039633459126937529_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/763728509_1820715132673242_5505872484005053310_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/763811107_1820715039339918_3282910182563207839_n.jpg)