> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде социалдык контракт алган жарандардын ишмердүүлүгү текшерилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/06/batkende-sotsialdyk-kontrakt-algan-zharandardyn-ishmerduulugu-teksherildi/
- Published: 2026-08-06T08:38:39.000Z
- Updated: 2026-08-06T08:38:38.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Баткен районунда мамлекет тарабынан берилген социалдык контракттардын натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, район акиминин орун басары Сүйүнбай Сатыбалдиев социалдык контракттын негизинде колдоо алган жарандардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

> Мониторинг учурунда 100 миң жана 150 миң сом өлчөмүндө каражат алган үй-бүлөлөрдүн учурдагы иштери каралды. Жарандар бөлүнгөн каражаттын эсебинен мал чарбачылыгын, соода-сатыкты жана башка киреше алып келүүчү багыттарды өнүктүрүп жатканы белгилүү болду.

Сүйүнбай Сатыбалдиев социалдык контракттар үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүүгө, жашоо шартын жакшыртууга жана жеке ишкерликти өнүктүрүүгө жардам берип жатканын белгиледи.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*