> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте тургундардын арызынан кийин мончонун иши убактылуу токтотулду
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/06/bishkekte-turgundardyn-aryzynan-kiiin-monchonun-ishi-ubaktyluu-toktotuldu/
- Published: 2026-08-06T05:07:11.000Z
- Updated: 2026-08-06T05:07:10.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Бишкектин Калыс-Ордо конушунун тургундарынан аймактагы мончонун ишмердүүлүгүнө байланыштуу арыз түшүп, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы текшерүү иштерин жүргүздү.**

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, мончонун тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок иштеп жатканы аныкталды. 

> Натыйжада объекттин ээси бардык зарыл документтерди алганга чейин ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту.

Мындан тышкары, Аламүдүн районунун Ленин айылында таштандыны мыйзамсыз өрттөө фактысы катталды. Бул аракет атмосфералык абанын булганышына алып келгендиктен, мыйзам талаптарына ылайык административдик айып салынды.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*