> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Соттук-генетикалык экспертиза боюнча адистер биринчи жолу сертификацияланды
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/06/sottuk-genetikalyk-ekspertiza-boiuncha-adister-birinchi-zholu-sertifikatsiialandy/
- Published: 2026-08-06T09:24:38.000Z
- Updated: 2026-08-06T09:24:37.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Кыргызстанда соттук эксперттерди "Адамдын ткандарынын жана бөлүнүп чыккан заттарынын молекулярдык-генетикалык изилдөөсү жана биологиялык туугандыкты аныктоо" багыты боюнча алгачкы жолу сертификациялоо өткөрүлдү.**

Соттук-эксперттик кызматынын маалыматына ылайык, сертификацияга Соттук-эксперттик кызматтын, ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын жана УКМКнын эксперттери катышты. 

Алар бир айлык квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүп, соттук молекулярдык генетиканын заманбап ыкмаларын, ДНК-изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрүн үйрөнүштү.

> Окуу ИИМдин Эксперттик-криминалистикалык кызматынын ДНК-лабораториясынын базасында өткөрүлүп, ага Орусиянын ИИМинин Эксперттик-криминалистикалык борборунун адистери да келишти.

Курстун жыйынтыгында квалификациялык сынактар өткөрүлүп, аны ийгиликтүү тапшырган эксперттерге компетенттүүлүк күбөлүктөрү берилди.

> Соттук молекулярдык-генетикалык экспертиза боюнча адистерди даярдоо соттук изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатууга жана бул багыттагы эксперттик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө шарт түзөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/763701383_1373066618334690_5006705403338040596_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/768199258_1373066558334696_955132906483380923_n.jpg)