> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Журналист Жээнбай Каракүчүковду сабаган жаран камакка алынды
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/06/zhurnalist-zheenbai-karakuchukovdu-sabagan-zharan-kamakka-alyndy/
- Published: 2026-08-06T04:05:40.000Z
- Updated: 2026-08-06T04:05:39.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Октябрь райондук ички иштер башкармалыгы УТРКнын “Телекүзөт” программасынын редактору Жээбай Каракүчүковго кол салууга шектелген жаранды кармаганын билдирди.**

Маалыматка ылайык, окуя жарандардын кайрылуусу боюнча тартуу иштери жүрүп жаткан учурда болгон. Бул факты боюнча “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

> *Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүнүн өздүгү аныкталып, 1995-жылы туулган Т.Ж. кармалган. Ал Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.*

Учурда окуя боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.