> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таластык ишкерлерге жарнаманы мамлекеттик тилде жайгаштыруу боюнча көрсөтмө берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/07/talastyk-ishkerlerge-zharnamany-mamlekettik-tilde-zhaigashtyruu-boiuncha-korsotmo-berildi/
- Published: 2026-08-07T11:50:48.000Z
- Updated: 2026-08-07T11:50:47.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Талас облустук бөлүмү шаардагы тышкы жарнамаларды жайылтуучу ишкердик субъекттерге мониторинг жүргүзүп, мыйзам талаптарын бузган учурларды аныктады.**

> Аталган кызматтын маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө айрым ишкерлер тышкы жарнаманы **расмий тилде гана** жайгаштырганы белгилүү болгон. Ушуга байланыштуу мыйзам талаптарын бузган **үч ишкердик субъектке** түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кемчиликтерди жоюу үчүн **30 күндүк мөөнөт** берилди.

Мониторингдин негизги максаты – ишкерлерге **«Жарнама жөнүндө»** мыйзамдын талаптарын түшүндүрүү жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/764924847_17945891883269623_5504022302045719047_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/762827745_17945891910269623_8515302251163727908_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/764539711_17945891901269623_3313631007065498324_n.jpg)

Эске салсак, **«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө»** мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы тышкы жарнамалар мамлекеттик жана расмий тилде жайгаштырылууга тийиш. Мында плакаттар, көрнөк-жарнактар, жарык такталар жана башка жарнамалык материалдар **алгач мамлекеттик тилде, андан кийин расмий тилде** жазылышы шарт.

> Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы мындай түшүндүрүү жана көзөмөл иш-чаралары мындан ары да туруктуу негизде жүргүзүлөрүн билдиришти.