> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бажы кызматы: уюлдук телефон сатып алууда анын каттоодон өткөнүн текшериңиз
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/09/bazhy-kyzmaty-uiulduk-telefon-satyp-aluuda-anyn-kattoodon-otkonun-teksheriniz/
- Published: 2026-08-09T09:50:35.000Z
- Updated: 2026-08-09T09:50:34.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Кыргызстанда уюлдук түзүлүштөрдү идентификациялоо боюнча жаңы талаптар 2025-жылдын август айынан тартып күчүнө кирген. Ушуга байланыштуу Бажы кызматы жарандарды смартфон сатып алууда анын расмий түрдө өлкөгө киргизилгенине жана каттоодон өткөнүнө көңүл бурууга чакырууда.**

Бул талаптардын негизги максаты — уюлдук түзүлүштөрдүн мыйзамдуу жүгүртүлүшүн камсыз кылуу, контрабандага бөгөт коюу жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо.

> *Бажы кызматынын маалыматына ылайык, Кыргызстанга *мыйзамсыз* жол менен уюлдук телефондорду *алып кирүүгө* аракет кылгандарга *айып пул* салынат, товар *конфискацияланышы мүмкүн*, ал эми айрым учурларда мыйзамсыз аракеттер үчүн *кылмыш жоопкерчилиги да каралат*.*

Ошондуктан жарандарга смартфон сатып алууда анын келип чыгышын жана каттоодон өткөнүн текшерип, расмий сатуучулардан гана сатып алуу сунушталууда.

Эске салсак, уюлдук түзүлүштөрдү каттоо системасы мыйзамдуу импортту камсыз кылуу менен катар рыноктогу атаандаштыкты ачык-айкын кылууга багытталган.