> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкектеги 3 автобустун каттамы убактылуу өзгөрөт
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/10/bishkektegi-3-avtobustun-kattamy-ubaktyluu-ozgorot/
- Published: 2026-08-10T06:21:01.000Z
- Updated: 2026-08-10T06:21:00.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгүнүн убактылуу жабылышына байланыштуу №23, №107 жана №203 автобустарынын каттамдарынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөртүлөт.**

Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы кыймыл чиймеси оңдоо иштери толук аяктаганга чейин күчүндө болот.

> *Билдирүүгө караганда, жолдогу чектөөлөр 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштерине байланыштуу киргизилүүдө. Аталган иштер шаарды ишенимдүү жылуулук менен камсыздоого жана алдыдагы жылытуу мезгилинин туруктуу өтүшүнө багытталган.*

Ушуга байланыштуу шаар тургундарына жана борбор калаага келген конокторго каттамдарын алдын ала пландап, убактылуу жол белгилеринин талаптарын сактоо сунушталууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/767363545_18615751111008983_7787155517571030706_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/769228988_18615751090008983_2306718806563118383_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/768555179_18615751093008983_3560261614388390443_n.jpg)