> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ноокат РЭТинде 4,8 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/11/nookat-retinde-4-8-mln-somduk-myizam-buzuu-anyktaldy/
- Published: 2026-08-11T09:42:39.000Z
- Updated: 2026-08-11T09:42:38.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом, Энергетика

**Ноокат райондук электр тармактарында электр энергиясын керектөө боюнча көрсөткүчтөрдү жасалмалоо фактысы аныкталып, мамлекетке 4,8 млн сомдон ашык зыян келтирилгени айтылды.**

> Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, прокуратура жүргүзгөн текшерүүдө "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын филиалы — Ош электр тармактары ишканасынын Ноокат РЭТинин кызмат адамдарына байланыштуу мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Текшерүүнүн материалдары боюнча, 2025-жылы райондогу 8 айыл өкмөткө караштуу бюджеттик мекемелердин электр энергиясын керектөө көрсөткүчтөрү жасалмаланып, тиешелүү актылар түзүлгөн.

> Документтерде иш жүзүндө пайдаланылбаган 1 млн 218 миң 365 кВт/саат электр энергиясы ашыкча көрсөтүлгөн. Натыйжада мамлекетке 4 млн 826 миң 127 сом зыян келтирилгени белгиленди.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.  
Учурда иш боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*