Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

Жылдыз Асанакунова: Кыргызстанга австралиялык туристтер көп келүүдө

2020-2021-жылдарга чейин өлкөгө жылына 2-3 миллион гана турист келсе, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 13 миллионго жеткенин мамлекет башчысы Садыр Жапаров билдирген. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча туризмдин абалы кандай? Анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы канчалык? Ушул өңдүү суроолорго жооп алуу үчүн "Ишкер медиа" сайты туризм боюнча кесипкөй адис Жылдыз Асанакунова менен маектешти.

-Жылдыз айым Кыргызстанда туризмдин абалы кандай?

–Кыргызстанда туризм өнүгүп жатканы айныгыс чындык. Бирок, туризм өзү эле өнүгүп кетти деген да жаңылыштык. Себеби, биз эл аралык иш-чараларга барып, Кыргызстандын туризм тармагын тааныттык. Ошонун жемишин бүгүн көрүп жатабыз. 

Бул тармакта жипке тизгендей өнүгүүдө деп төш какканыбыз да ашыкча болуп калат. Туризм тармагында башаламандык өкүм сүрүп жаткандай элес калтырат. Себеби, туризм менен алектенем дегендин баары каалаганын калчап жатат. Ар ким оюндагысын кылып, каржатына жараша ар кандай объекттерди куруп жатышат. Мисалы, Европа маданиятына тийиштүү курулуштар курулууда. Мындай кооз жасалгалуу курулуштар менен конокторду таң калтыра албайбыз. Биз кыргыздын нукуралуулугу саналган боз үй менен туризмди өнүктүрсөк болот. Ошону бренд кылып, туризмди жолго койсок болмок.

–Туризм тармагынан Кыргызстан канча киреше табат?

–Туризм тармагында дүйнө боюнча 13 трлн доллар акча айланат. Ошол акчанын канча пайызы биздин экономикага түшүрө алабыз ошол эң башкы максат болушу керек. Кыргызстанга 13 млн турист келди деп адамдын санына сүйүнбөстөн, туризмден жакшы акча таптык дегенге өтүшүбүз керек. Мына ошондо, турзимден мамлекетке киреше жакшы түшүүдө десек жарашат. Туризм аркылуу ички дүң продукциябыз жогоруласа, ошондо туризмдин Кыргызстанга пайдасы көбүрөөк тийип баштайт.

–Мамлекет тарабынан туризм тармагына кандай шарттар түзүлгөн?

–Мамлекет ар бир туристтик жайдын шартын жакшыртыш керек. Дааратканаларды салып, бийик жерлерге тепкичтерди куруп, келген коноктор үчүн ыңгайлуулук түзүлүшү зарыл. 

Туризм боюнча балдарга терең билим берип, атайын илимий изилдөөлөр жүргүзүлүшү керек деп эсептейм. Мисалы, Ысык-Көлдөгү “Жомок” деп аталган тоонун тарыхын, кыргызстандык гиддер туристтерге так айтып бере албайт. Андыктан мамлекет ушул маселеге да көңүл буруп коюшу керек.
Андан сырткары, туризм жаатында баа саясаты боюнча да маселелер бар. Кочкор районундагы жөнөкөй жаран Соң-Көлгө боз үй тигип, конок тозсо 3 миң сом төлөйт. Ошол эле учурда чоң туристтик компаниялар да мамлекетке 3 миң сом төлөп жатат. Бул деген теңсиздик болуп саналат.

–Кыргызстанга көбүнчө кайсыл өлкөлөрдөн турист көп келет?

–Кыргызстанга 90% европалыктар келет. Акыркы жылдары Австралиядан келген туристтердин саны артты. Туризмге дагы көңүл бөлсөк, дүйнөнүн чар тарабынан бизге агылып келери бышык. Чет өлкөлүк коноктор менен эле чектелип калбастан, ички туризмди да өнүктүрүшүбүз керек. Акыркы учурда Ош, Жалал-Абаддан Ысык-Көлгө келгендердин саны көбөйүүдө. Муну менен эле чектелип калбастан, транспорт каттамы, аба каттамы мындан да жакшырса, ички туризм да өнүгөт деген ойдомун.

–Кыргызстанга келген туристтердин бизге карата ойлору кандай?

–Туризм Кыргызстандын жүзү. Ар бир келген чет өлкөлүк туристке сылык-сыпаа мамиледе болуп, эң жогорку сапатта тейлеп, жакшылап узатып койсок, Кыргызстанга башка да тааныштарын чакырып баштайт.

Беш кол тең эмес дегендей, туристтерди капа кылган учурлар да байма-бай катталып турат. Айрыкча, таксисттер алдап кетти же кымбат алып койду, мейманканалар бош болбой калды деген сыяктуу нааразычылыктар жок эмес. Биз туристтердин пикирин талдап, атайын иликтөөлөрдү жүргүзүп, туристтерге болгон мамилени жакшыртуунун үстүндө иш жүргүзүүдөбүз.

 

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media