> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Яндекс Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий медиа өнөктөшү болду
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/17/iandeks-kyrgyzstan-vi-duinoluk-kochmondor-oiundarynyn-rasmii-media-onoktoshu-boldu/
- Published: 2026-08-17T07:30:54.000Z
- Updated: 2026-08-17T07:30:53.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Коом

**Яндекс Кыргызстан менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. Эми компания 2026-жылдагы оюндун расмий медиа өнөктөшү катары бул иш-чаранын катышуучулары менен конокторун маалыматтык жактан колдоп, технологиялык сервис менен камсыздайт. Өнөктөштүк Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген коноктордун катышуусун ыңгайлуураак кылууга багытталган.**

Коноктор Яндекс Goнун "Шаар аралык" сервисин колдонуп, "Манас" аэропортунан же Бишкектен Ысык-Көлгө чейин бара алышат. Жаңы колдонуучулар үчүн алгачкы жүрүшкө атайын арзандатуу жеткиликтүү болот. Ал эми сервистеги унаалардын бир бөлүгү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата атайын брендделет.

> Яндекс Карталарында атайын "Көчмөндөр оюндары" рубрикасы пайда болот – андан колдонуучулар бардык иш-чаралардын аянтчаларын көрүп, керектүү жерге чейинки маршрут түзө алышат. Ошондой эле тиркемеде ар кайсы аянттагы таймаштардын тематикалык топтому жана иш-чаралардын күн тартиби көрсөтүлөт. Негизги локациялардын бири - ачылыш аземи өтө турган "Бишкек Арена" стадиону - аны 3D форматында ар кандай ракурстан көрүүгө болот. Ал эми оюндун учурунда колдонуучулар авто навигациянын салттуу маршруттук белгисин - жылкы түрүндөгү белги менен алмаштыра алышат. 

Ысык-Көлдүн жээгинде сервистин 40тан ашык "Заряд ал" станциясы иштеп жатат. Аларды түз эле Яндекс Go тиркемесинен тапса болот: пауэрбанкты бир станциядан алып, түзмөктү кубаттаган соң, жолдо кездешкен башка станцияга кайтарууга болот.

> Тамак-аш сервисинде улуттук тамак-аштын түрүн сунуштаган тематикалык ишканалардын топтому болот, бул коноктор үчүн Кыргызстандын салттуу ашканасы менен ыңгайлуу таанышууга шарт түзөт.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтөт жана ага ондогон өлкөдөн катышуучулар менен коноктор келет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/Unknown-6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-14-at-17.40.44.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/08/WhatsApp-Image-2026-08-14-at-17.40.33.jpeg)