> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Баткенде эттин баасы көзөмөлдөндү
- URL: https://im.kg/koom/2026/08/20/batkende-ettin-baasy-kozomoldondu/
- Published: 2026-08-20T11:55:41.000Z
- Updated: 2026-08-20T11:55:40.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом

**Баткен шаарында эт азыктарынын баасына мониторинг жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынан билдиришти.**

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматкерлери Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте шаардагы соода түйүндөрүндө эттин баасын көзөмөлдөп, сатуучуларды бааны негизсиз жогорулатпоого чакырышты.

> *Учурда шаарда кой этинин 1 килограммы 850 сомдон, уй эти 800 сомдон сатылууда.*

Тиешелүү кызматтар эттин баасына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөө багытында иштерди улантат.