> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Өзгөндө жаңы окуу жылына карата 150 орундуу мектеп пайдаланууга берилди
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/03/ozgondo-zhany-okuu-zhylyna-karata-150-orunduu-mektep-paidalanuuga-berildi/
- Published: 2026-09-03T09:47:55.000Z
- Updated: 2026-09-03T09:47:54.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Коом

**Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулуп, 2026-2027-жаңы окуу жылынын башталышы менен пайдаланууга берилди.**

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуштун жалпы наркы 109 миллион сомду түздү.

Эки кабаттуу мектептин жалпы аянты 1281 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемеси заманбап талаптарга ылайык курулуп, окуучулардын билим алуусу үчүн зарыл шарттар түзүлгөн.

> Мектепте окуу класстары, компьютердик класс, лаборатория, эмгек кабинети, жыйындар залы, ашкана, китепкана жана спорт залы каралган.

Жаңы мектеп 150 орунга ылайыкталганы менен, окуу процесси эки мөөнөттө уюштурулуп, 400гө жакын окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--9-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--12-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--13-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--6-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--7-.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/468--8-.jpg)