> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Эмгек министрлиги жарандарды кабыл алып, маселелерин укту
- URL: https://im.kg/koom/2026/09/04/emgek-ministrligi-zharandardy-kabyl-alyp-maselelerin-uktu/
- Published: 2026-09-04T10:19:40.000Z
- Updated: 2026-09-04T10:20:15.000Z
- Author: Уулжан Бейшенбекова
- Tags: Коом

**Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги коомдук кабылдамасында жарандарды кабыл алды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.**

Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандар турак жай, жер жана мүлк маселелери, балдарына байланыштуу укуктук маселелер, жеке мүнөздөгү кайрылуулар, ошондой эле кохлеардык аппарат менен камсыз кылуу боюнча көйгөйлөрүн билдиришти.

> Ар бир кайрылуу боюнча жарандарга тиешелүү түшүндүрмөлөр берилип, маселелерди мыйзам чегинде чечүү жолдору боюнча сунуштар айтылды.

Министрликтин өкүлдөрү жарандардын көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган иштер аткарыларын белгилешти.

**Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [**Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)**,* [**Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)**,* [**Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)**,* [**Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia)**,* [**Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *жана* [YouTube](https://www.youtube.com/@Ishker-f5r) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/09/IMG_2628-1.PNG)